«Официанттын башы жарылган». Бишкектин кафелеринин биринде мушташ чыкты (видео)

Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан «Cherdak» кафе-барында мушташ чыкты. Мушташтын видеосу социалдык тармактарда тарады.

Кадрлардан мекеменин официантынын жерде башынан кан агып жатканын көрүүгө болот. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, мушташ кафе-бардын кардарлары менен кызматкерлеринин ортосунда чыккан. Официанттын башы кастеттен жарылган.

Биринчи Май РИИБи окуя такталып жатканын билдирди.