Өгөй атасы тарабынан сабалган баланын адвокаты башкы прокурорго кайрылды

Өгөй атасы көгала кылып сабаган 6 жаштагы Рамазандын адвокаты Шердор Абдыкапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасап, арыз менен менен кайрылганын SUPERTV.KG сайтына билдирди.

Арызда: “Урматтуу Курманкул Токторалыевич, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын жана социалдык коргоо кызматкерлеринин ишин көзөмөлгө алып, тийиштүү чараларды көрүүңүздү өтүнөм”, — деп жазылган.

Буга чейин Рамазандын абалы тууралуу репортажыбызда адвокат Сокулук райондук социалдык коргоо жана ички иштер башкармалыгы тарабынан дароо реакция болбогону, кийин интернет желесине тарагандан кийин гана териштирүүлөр боло баштагандыгын айткан.

23-ноябрда социалдык тармактарга денеси көгала болуп, көзүнө кан уюган жана бети шишип кеткен алты жаштагы баланын сүрөттөрү тараган. Аны өгөй атасы сабаганы, ал эми апасы тогуз айлык кош бойлуу экени айтылган. Окуянын өзү 18-ноябрга караган түнү Сокулук районундагы “Поле чудес” конушунда орун алып, бала ооруканага жеткирилген соң, милиция кызматына кабар берилген.