Өгөй атасы сабаган баланын окуясы. Милиция кызматкерлери кеч барышканы үчүн жазаланышты

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнөн кийин ички иликтөө кызматы өгөй атасы тарабынан сабалган баланын окуясы боюнча кызматтык териштирүү жүргүздү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Териштирүүнүн жыйынтыгында, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнүн ага инспекторуна сөгүш жарыяланган. Анын жардамчысы, милициянын сержантына эскертүү берилген. Ошондой эле жашы жете электердин иши боюнча жооптуу Новопавловканын аймактык милициясынын инспекторуна эскертүү берилген.

Ал эми аталган иш боюнча толук юридикалык чечим соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан соң гана кабыл алынат.