«Ойлонууга 10 мүнөт берилет». Бишкектеги мектепке бомба коюлганын айткан окуучулар аныкталды

Бишкектеги мектептердин биринде бомба коюлган деген жалган чалууга шектелген өспүрүмдөр аныкталып, тергөөгө жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

14-ноябрда саат 14:30 чамасында милицияга Койбагаров көчөсүндөгү мектеп-гимназиясынын мугалимдеринин биринин WhatsApp мессенжерине «Сиздин мектеп NDM тобу тарабынан миналанган. Адамдарды эвакуациялоого 20 мүнөтүңүз бар, болбосо алар куткарылбайт» деген билдирүү келип түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо райондук башкармалыктын жетекчилиги жана тергөө тобу барышкан. Жеринде кинологдор тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес.

Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2009-жылы туулган 2 окуучу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилди. Окуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете электигине байланыштуу ата-энелерине өткөрүп берилип, мындан ары мындай фактыларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.