«Ойноп отурган». Ошто 2 жашар бала короодогу сууга агып каза болду

Ош шаарындагы Араван районунда 2 жаштагы бала ойноп жаткан жеринен короодогу арыктын суусуна агып каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 2-июнь күнү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Манас айылынын 1996-жылы туулган тургуну 2 жаштагы баласынын үйүнүн алдында ойноп жаткан жеринен жок экендигин билдирген. Аталган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине электрондук журналга катталган.

Анда 2 жаштагы уулу менен аял ата-энесинин үйүнө конокко келип, уулу саат 20:00дөр чамасында үйүнүн алдында ойноп жатып, корооосунан агып өткөн арыкка кокусунан агып кетип каза болгону аныкталган. Баланын ата-энеси түшүнүк каттарында окуя боюнча эч кимге арыз дооматы жок экендигин жана соттук медициналык экспертизадан өткөзүүдөн баш тартканын билдиришкен.