Ок атуучу куралдарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү сатуу менен алектенген жаран кармалды (сүрөт)

ИИМдин кызматкерлери тарабынан УКМК кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймактарында ок атуучу куралдарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү сатуу менен алектенген жаранды жана аны менен байланышкан кылмыш фактыларын аныктоо боюнча операцияны ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин коркунуч туудурган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында, укук коргоо органдары тарабынан атайын ыкчам иш-чаралар өткөрүлгөн. Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жарандардын бири АКС-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды 30 даана огу менен мыйзамсыз сатуу учурунда кармалган. Кармалган жарандын жашаган жерине кечиктирилгис тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда, анын гаражынан жарылуучу заттар жана жардыруучу түзүлүштөр табылып алынган, алар: 5 даана тротил шашкасы, детонациялык шнур, кол гранатынын бир нече запалдары, үч даана Ф-1 жана РГД-5 күжүрмөн гранатасы, ок атуучу куралдын октору, 2 даана күйүүчү түтүктөр. Табылып алынган жарылуучу заттар менен жардыргыч түзүлүштөр экспертизага жөнөтүлдү. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары улантылууда.