«ОК платформанын» негиздөөчүсү кармалды. Милиция алдангандарды издеп жатат

ИИМ «ОК платформа» интернет-сайтынан жабыркагандарды кайрылууну суранды. Кайрылууну ИИМ жарыялады.

Жаран ИИМдин Тергөө кызматына кайрылып, 2022-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин «ОК Платформасынын» сайты аркылуу каражаттарды көбөйтүү шылтоосу менен пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жолу менен 23 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

24-декабрда шектүү жаран кармалып, камакка алынган. 25-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу түрү тандалган.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө 28 жаран ушундай эле арыз-даттануулар менен милициянын шаардык жана райондук бөлүмдөрүнө кайрылышып, арызда көрсөтүлгөн дооматтардын негизинде кылмыш иштери козголуп, бардык иштер бир өндүрүшкө бириктирилип тергөө иштери башталган. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана тергөөгө камсыз кылуу багытында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, жогоруда аталган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган адамдарды аныктоо иштери улантылууда. Буга байланыштуу шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан бардык жарандарды милиция ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууну суранат.

Байланыш телефондору: 0550233747, 0702373770, 0773398585, 0709008887, 0312266108.