ӨКМ: «Кайнар» кафесинен чыккан өрт өчүрүлдү» (видео)

Бишкектеги «Кайнар» кафесинен чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан «Кайнар» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 08:40та 1 бөлүм тартылып, жалын саат 09:00дө чектөөгө алынып, 09:21де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен кафенин ашканасында нан азыктары күйүп, түтөгөн.