ӨКМ «Орусиянын куткаруучулары 4 жаштагы кызды издеп жатат» деген маалыматты төгүндөдү

Массалык маалыматтар каражаттарына «Орусиялык аскерлер 4 жаштагы көлгө чөккөн кызды куткарууга кошулду» деген маалымат тараган. ӨКМ кызматы аталган маалыматты төгүндөп, СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

Ысык-Көлдө кыз изделип жаткан аймактарга жакын жерде орусиялык аскерлер жүргөндүгү чын. Бирок алар 4 жаштагы кызды куткарууга тартылган эмес. Коомчулукка туура эмес маалымат тарап жатат», — дейт ӨКМнын басма сөз кызматы.

ӨКМ буга чейин 5-августка карата кызды издөө иштерине бир нече аймактан келген куткаруучулар, суучулар, жергиликтүү тургундар жана ыктыярчылар болуп жалпы 32 адам тартылганын маалымдаган.