ӨКМ: «Тик учак Араван районуна конууга аргасыз болгон»

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги МИ-8 тик учагы тууралуу толукталган маалымат таратты. Маалыматка караганда, тик учак Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын Кичи-Алай айылында Ак-Буура дарыясынын баш жагында (Жайлоо бел) конууга аргасыз болгон.

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн саат 14:30 чамасында ӨКМдин Ноокат райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен жерине барып, куткаруучулар күйүк алган 3 кызматкерди атайын Тез жардам аркылуу, ал эми жабыркаган 5 кызматкерди ӨКМдин атайын куткаруу унаасы менен Ош облустар аралык ооруканасына жеткиришкен.