Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилген жок. Ал тумоолоп жатат

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Соттун катчысы экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко келе электигин билдирди. Конвоир айыпталуучу кармалып турган №47 түзөтүү  мекемесинин ооруканасынан маалымкат бар экенин айтты. Кошумчалай кетсек, мурдагы мамлекет башчысы ден соолугунун начар экенин айтып, ишти ансыз кароону өтүнүп арыз жазган. Адвокат анын сасык тумоолоп калганын да айтты. 

Отурумду айыпталуучусуз өткөрүү мүмкүн болбогондуктан, сот отурумду 17-декабрга жылдырды.