Октябрь окуялары. Эки айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү келтирилди

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди.

Ошондой эле, Фарид Ниязовдун жактоочусу Замир Жоошев президенттик аппараттын мурдагы жетекчисинин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди.