Октябрь окуясы. Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилген жок

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу уланууда.

Соттук отурумга Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов жеткирилди.

Мындан тышкары, отурумга УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев жана «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков катышты. Экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилген жок.