Октябрь окуясы. Атамбаев, Асанов, Молдокматов, Ниязов камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуяларына байланышкан соттук отурум өттү. Сот бардык айыпталуучулардын баш коргоо чарасын узартты. УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев менен «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков эч жакка кетпөө тууралуу тил каты менен калышты. 

Ал эми Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов камакта калтырылды.