Октябрь райондук прокурордун орун басары кармалды

Опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-ноябрда УКМК Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары кармалды. Ал кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуу жолу менен укук коргоо кызматкерлеринен 5 миң доллар акча каражатын талап кылган. Кармоодо жүргүзүлгөн тинтүү иштеринде прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу далилдер табылып, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.