Октябрь РИИБ: «Издөөдө жүргөн милиция кызматкери ноябрда кызматынан бошотулган»

Кармалган милиция кызматкери ноябрь айында берген арызынын негизинде ички иштер органдарынан бошотулган. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Октябрь РИИБдин Криминалдык милициясынын ыкчам кызматы Жазык кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункту (кызматтык абалынан пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен шектелип жатканын билдирген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, милиционер кызматтык абалынан пайдаланып, 135 миң доллар алып, ар кандай шылтоолор менен акчаны кайтаруудан баш тарткан. Андан соң укук коргоо кызматкери сыртынан издөөгө алынып, 12-декабрда анын жүргөн жери аныкталган. Аны Беш-Күңгөй айылынан табышкан. Кармалган жаран УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.