Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев камакта калтырылды

Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 21-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Буга чейин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу 21-октябрда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Аларга Жазык кодексинин 143-беренеси (кыйноолор), 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.