Октябрь РИИБдин кызматкерине издөө жарыяланды

Бишкектеги Октябрь РИИБдин кызматкерине издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Арыз ээси билдирген маалымат боюнча, РИИБдин кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, андан 135 миң доллар алган. Кийин ал ар кандай шылтоолорду айтуу менен акчаны кайтаруудан баш тарткан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 209-беренесиндеги 4-бөлүмдүн 1-пункту (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ири өлчөмдөгү алдамчылык жасоо) менен сотко чейинки тергөө иштери башталган. Биринчи Май райондук соту шектүүгө карата сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө уланып жатат.

УКМК шектүүдөн жабыркаган жарандар болсо, нөөмөт бөлүмүнө (0312) 66-04-75 номуру аркылуу жана аймактык башкармалыктарга билдирүүгө чакырат.