«Окуучу кыз классташын мыкаачылык менен уруп жатат» деген видео Казакстанда тартылган

Соцтармакта “Атасы УКМКда, апасы билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен уруп жатат” деген видео талкуу болуп жатат. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты.

«Бул Кыргыз Республикасынын аймагында болгон деген чындыкка дал келбейт. Бул эски тасма жана Казак Республикасынын аймагында болгондугу белгилүү болгон. ИИМ интернет колдонуучуларды такталбаган маалыматтарды таратып, жарандарыбызга тескери маалымат берүүдөн алыс болууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.