Окуучуну сүзүп кете жаздаган айдоочунун видеосу тарады

Бишкекке жакын жерде жогорку ылдамдыкта бараткан айдоочу окуучуну сүзүп кете жаздаган видео тарады.

Автоээнбаштык үчүн ал айдоочуга 5000 сом айып салынды. Окуя 4-апрелде Новопокровкадагы Шевченко менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. KIA K5 автоунаасынын 21 жаштагы айдоочусу адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып айдаган.

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочунун буга чейин дагы төлөнө элек 33 500 сом айып пулу бар экенин билдирди.