Окуучуну сүзүп, үйүнө жеткирип койгон айдоочу милицияга өзү барды

16-октябрда социалдык тармактарда чуркап чыккан мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочунун видеосу тараган. Маалыматка караганда, кырсык 15-октябрда саат 12:35 чамасында болгон. Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, айдоочу милицияга өзү барганын билдиришти.

«15-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Бишкек шаарынын Токтогул менен Суюмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 37 жаштагы айдоочу өзүнүн Мазда 6 үлгүсүндөгү унаасы менен жөө өтмөктөн өтүп жаткан өспүрүмдү сүзүп алган, айдоочу окуучуну үйүнө жеткирип, кетип калган. 17-октябрь күнү айдоочу Бишкек шаардык Миициянын кайгуул кызмат башкармалыгына өзү келди, унаасы айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.