Окуучуну урган мугалимдин видеосу боюнча текшерүү иштери башталды

Буга чейин социалдык тармактарда окуучуну сабак учурунда уруп жаткан мугалимдин видеосу тараган.

Маалыматтарга караганда, видео тарых сабагы учурунда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде тартылган.

Ош ОИИБден маалымат беришип, бул факты Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуя боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат”,- деп айтылат маалыматта.