Окуучунун көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип, көз жумушу. Супермаркеттин күзөтчүлөрү абактан бошотулду

«Алма» супермаркетинин коопсуздук кызматынын кызматкерлери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарган. «Комплекстүү экспертиза дайындалып, анда жактоочу тарап «Коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин аракети баланы өз жанын кыюуга түртүшү мүмкүнбү?» деген суроону койду. Эксперттер «Коопсуздук кызматкеринин аракети баланын өз жанын кыйышына түрткү боло албайт» деп так жооп беришти. Мындан тышкары, аларды камакта кармоо мөөнөтү бир жылдан ашканын да эске алды. Ошондуктан баш коргоо чарасы өзгөртүлдү», — деди ал. 

2019-жылы 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип, көз жумган. Ага чейин бала достору менен супермаркетке барып, шоколадды уурдап кеткен. Дүкөндүн коопсуздук кызматкерлери аларды кармап, ата-энелеринин байланыш номурларын алып, коё беришкен. Кийинчерээк милиция өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.