«Өкүм чыгары күтүлүүдө». Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен шектүү сотко жеткирилди

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда мурдагы жубайы Асел Ногойбаеванын мурдун жана кулагын кескилеген Азамат Эстебесовдун иши боюнча соттук отурум башталды.

Иш судья Таалайкүл Кадыркулованын төрагалыгы алдында жабык эшик артында каралууда. Сотко Эстебесов жеткирилди. Жабырлануучу тараптын өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүн өкүм чыгары күтүлүүдө.