Базар-Коргондо 29 жаштагы келин асынган абалда табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
23-июль күнү саат 07:55 чамасында милицияга Базар-Коргон районунун Правда айылынын тургуну байланышып, Кара-Ой айылында келини 1993-жылы туулган Айнура (аты өзгөртүлдү) үйүндө өзүн өзү асынып алып каза болгондугун билдирген. Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге Базар-Коргон РИИБдин тергөө ыкчам тобу прокуратуранын жетекчилиги менен бирге чыгышкан.
Айнура үйүнүн ичиндеги толук бүтө элек бөлмөсүндөгү үйдүн балкасына жоолукту байлап өзүнүн өмүрүн кыйып каза болгондугу аныкталган. Андан сырткары окуя болгон жерден кат алынган. Келин өлөр алдында кагазга кат жазып, ал өзүнүн жазган катында “Ким дагир (ред. бузулган) болуп жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал” деп жазылган.
Аталган окуя боюнча аныкталган жаңы жагдайлардын негизинде 22-август күнү Базар-Коргон РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертизанын түрлөрү дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучунун укугун коргогон жактоочунун катышуусунда иштин жүрүшүндөгү бардык тергөө амалдары тааныштырылган. Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин аталган окуя боюнча толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат.