Өлкө аймагында бир жума ичинде 275 мас абалындагы айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 20-майдан 26-майга чейин, алдын ала маалымат боюнча 21 128 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:
— Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 338;
— Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 275;
— Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 79;
— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 737;
— Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 408;
— Авто ээнбаштык — 26;
— Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 316;
— Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 6;

— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 943.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1560 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.