Алдамчылыкка шектелип кармалган Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкты. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, ал үй камагына соттун 20-марттагы чечими менен чыккан.
- Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашкан. 2023-жылдын 21-июнунда милицияга Т.И. аттуу жаран О.Б. жана Ш.Т. аттуу жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан.
- 3-марттагы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучу Ө. уулу Б.га карата бөгөт коюу чарасы катары 1-майга чейин камакка алуу тандалган.