«Өлкө жетекчилиги менен байланышым бар, кызматка коём» деп 50 миң доллар алган шектүү камакта калтырылды

3-марттагы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучу Ө. уулу Б.га карата бөгөт коюу чарасы катары 1-майга чейин камакка алуу тандалган. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашкан.  2023-жылдын 21-июнунда милицияга Т.И. аттуу жаран О.Б. жана Ш.Т. аттуу жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан.