Өлкөдө 12 күндө 647 мас айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында 12 күн ичинде 647 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы жылга карата “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, 20-декабрдан тартып, 1-январга чейин өлкө аймагында 647 мас абалында унаа башкарган айдоочулар аныкталган.

Андан тышкары, унаанын тийиштүү документтери жок башкарган 474 айдоочу, унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 74 айдоочу жана автоээнбаштык жасаган 6 айдоочу аныкталып, баарына мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлгөн.