Өлкөдө 2025-жылы жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталып, 284 жаран каза болгон

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга эскертүү иретинде маалымат таратты.
Жөө өтмөктөргө жакындаганда ылдамдыкты сөзсүз төмөндөтүңүз;
Жөө жүргүнчүлөргө, айрыкча балдарга, ар дайым жол бериңиз;
Калктуу конуштарда жана мектеп, бала бакча аймактарында өтө этият болуңуз;
Унаа башкарууда алаксыткан нерселерден (телефон ж.б.) алыс болуңуз;
Жол эрежелерин так сактоо — адам өмүрүн сактоо экенин унутпаңыз!
Ар бир жол кырсыгы — кайгы, жоготуу жана орду толгус өкүнүч.
Өлкө аймагында 2025-жылы жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталып, 284 жаран каза болуп, 2829 жаран жаракат алган. Жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен 342 жол кырсыгы катталып, 46 жаран каза болуп, 311 жаран жаракат алган. ИИМдин ЖКККББ бардык айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырат.