Өлкөдө 8 ай ичинде жол кырсыгынан 379 киши каза болду

Министрлер кабинетинин жыйынында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынды.

Улан Ниязбеков билдиргендей, 2022-жылдын 8 айында республикада 4284 жол-транспорт кырсыгы катталган, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9 пайызга төмөн, жаракат алгандардын саны 7,8 пайызга (7215тен 6651ге чейин) жана каза болгондордун саны 31,3 пайызга (552ден 379га чейин) кыскарган.

Министр кошумчалагандай, мындан тышкары автотранспорт айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу иштерин текшерүү планы иштелип чыккан.

«Республика боюнча жалпысынан 270 автомектеп текшерилген, лицензиялык талаптардын шайкеш эместиги үчүн 233 эскертме берилген, мыйзамсыз негизде иштеп жаткан 10 автомектептин иши токтотулду (лицензиялардын жоктугу менен), 1 миллион 605 миң сом өлчөмүндө 81 протокол түзүлгөн», — деди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын жалпы талдоодо жол кырсыгынын негизги түрлөрү төмөнкүлөр экендиги аныкталды: 42,1 пайызы (1803) жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү, 36,6 пайызы (1567) транспорт каражаттарынын кагылышуусу, 7,2 пайызы (308) транспорт каражатынын оодарылуусу, 5,9 пайызы (257) тоскоолдукту сузүү, 3,1 пайызы (133) велосипедченди сүзүү жана токтоп турган транспорт каражатын 1,6 пайызы (72) сүзүү.