Өлкөдө акыркы жарым жылда 19 адам өрт кырсыгынан каза тапкан

Өлкө аймагында 2023-жылдын жарым жылында 1662 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен 35 адамдын өмүрү сакталып, тилекке каршы, 19 адам кырсыктын курмандыгы болгон. Ал эми жалпы чыгым – 718 миллион 913 миң 990 сом.

Өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында 6 айда жалпысынан 3790 ишкана- мекемелерге текшерүү жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөрдү так аткарбагандарга, эрежелерди сактабаган ишканаларга 2 миллион 152 миң 500 сом айып пул салынган.