Өлкөдө жер титирөө катталып, ал Алайда 3 баллга чейин сезилди

Бүгүн, 10-июнда саат 15:40да Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ=39°42´с.ш. λ=73°14´в.д.) күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды (энергетикалык класс К=8,6).

Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Ак-Босого, Арча-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген (Сары-Таш айылынан 5 чакырым түштүк батышта, Арча-Булак айылынан 12 чакырым чыгышта, Ак-Босого айылынан 13 чакырым түштүк батышта). Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.