Өлкөдө жыл башынан бери 2 миңдей өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 25 адам көз жумган

8 ай ичинде республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 29,8 пайызга көп. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттүн кесепетинен 25 адам каза таап, 36 жаран жаракат алган. Ал эми өткөн жылы каза 14 адам каза болуп, 21 адам жараат алган. Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 миллиард 389 миллион 727 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1248 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,5 пайызын түзгөн.

Өрт кырсыгы катталган шаар жана облустар:

  • Бишкек шаарында – 323;
  • Чүй облусунда — 494;
  • Ош облусунда — 192;
  • Жалал-Абад облусунда — 247;
  • Ысык-Көл облусунда — 198;
  • Нарын облусунда — 64;
  • Талас облусунда — 60;
  • Ош шаарында — 64;
  • Баткен облусунда 324 өрт катталган.