«Өлкөдөн 23 миллион доллар чыгарып кеткен». Интерпол бир нече адамды кармады

ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу эл аралык издөөдө жүргөн бир катар жарандарды кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бишкек шаарынын аймагынан 1979-жылы туулган жаран кармалган. Ал түрк полициясынын денесине оор залал келтирип, мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Түркиянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.
15-августта Казакстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда 1991-жылы туулган Кыргыз жараны кармалган. Ал курал-жарак жана физикалык күч колдонуу менен адамдардын тобу тарабынан каракчылык кол салуу жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кылмышкерлер 395 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.
Мындан тышкары, Алматы шаарынын аэропортунан 1978-жылы туулган Кытай жараны кармалып, ал Кыргызстанда мыйзамсыз ишкердик менен алектенип жүргөн. Ошондой эле ал 2008-жылы республиканын финансы полициясы тарабынан издөөгө жарыяланган. Ошол учурда мамлекетке келтирилген зыян 3 миллион сомдон ашкан.
Ошондой эле, Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган жарандын аты-жөнү такталып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал республикада жайгашкан банктардын биринин кызматкерлери аркылуу, 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 миллион  доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.