Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды. Сүрөт

“Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Манас” Эл аралык аэропортунда “К.Э.И.Т.” ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген декларацияланбаган ар кандай дары-дармектердин түрлөрү табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, декларацияланбаган дары-дармектердин жалпы салмагы 20,2 килограммды түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.