Өлтүрүлүп, Чоң Чүй каналына ыргытылган жаран. Үчүнчү шектүү кармалды

Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

26-апрелде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо барып, өлгөн кишинин денесинде зомбулуктун издери бар экендиги аныктап, соттук-медициналык экспертиза тарабынан да тастыкталган. Аталган окуя Панфилов райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында өлгөн адамдын аты-жөнү аныкталып, анын 1968-жылы туулган жаран экендиги такталган. Кылмышка шектүү адамдар аныкталып, 1978 жана 1962-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Ал эми үчүнчү 1970-жылы туулган шектүү издөөгө алынган болчу. Ал кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.