«Өлтүрүп туруп, карматып коюшту». Бишкекте атасы тишин тазалатканы алып барган 3 жашар кыз чарчап калды

Жактоочу Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, 3 жаштагы кыздын каза болгонун билдирди. Анын айтымында, кыз кечээ, 21-декабрда жерге берилген. Кызды атасы тиш доктурга алып барган, ага наркоз берилип, кыз каза болуп калган.

«Тишин тазалатабыз деп алып барган. Кыз каза болуп калган. Анын өлүмүнө ким жооп берет? Арыз Октябрь РИИБге жазылган. Муну көзөмөлгө алыш керек», — деди ал.

Кыздын чоң энеси үн катып, окуя боюнча чара көрүп берүүнү суранды. «Тишин тазалатабыз деп алып кетишкен. 11:40та киргизип, кечки 18:30да өлтүрүп берип коюшкан. Барсам келиним баласын кармаган бойдон отуруптур. Баары качып кетиптир. Неберемен айрылып калдым. «Биз укол сайбайбыз» деген. Колу-бутунун баарына ийне сайылган. Чарчап калса да Тез жардам чакырышкан эмес. Чара көрүңүздөр. Ар бириңерде бала бар. Келиним 6 айлык баласын карай албай жатат, уулум да нес абалда. Абалымды айтып да жеткире албайм», — деди чоң энеси.

Ал ошондой эле тишти 100 миң сомдон ашык акчага жасалат дешкен. «Неберемди өлтүрүп туруп, карматып коюшту. Денесинин баарында ийненин тактары бар экен», — деди ал.

Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, комиссия түзүлгөнүн билдиришти.

«Жабырлануучулар барган стоматологиялык клиниканын иши бул иштин чоо-жайы такталмайынча убактылуу токтотулган. Бул окуя саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө. Ошондой эле, укук коргоо органдарынан кайрылуу келип түшкөндүгүн, ага ылайык Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн компетенттүү тиешелүү адистер берилерин маалымдайбыз», — дешти.