Өмүрбек Бабанов 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды

Экс-премьер, саясатчы Өмүрбек Бабанов 31-июлга чейин камакка алынды. Ал УКМКнын СИЗОсунда болот. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине саясатчынын өкүлдөрү билдиришти.

Бабанов 31-майда кармалган. УКМК анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканын билдирген. Анын бөгөт чарасы кечээ, 1-июнда каралмак, бирок анын адвокаты бүгүн, 2-июнда саат 09:00гө жылдырылганын айткан. Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы дээрлик 9 саат каралды.

Бул маалыматты Биринчи Май райондук соту тастыктап төмөнкүлөрдү билдирди. «Шектелүүчү Өмүрбек Бабановго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 31-июлга чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна деп белгиленди», — деп айтылат маалыматта.