Өмүрбек Бабанов кармалды. Ал коррупцияга шектелип жатат

Экс-депутат, экс-премьер Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жаткан. «Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 31-майда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кармалды», — деп айтылат маалыматта.