Өмүрбек Бабановдун атканасы күйүп кетти (видео)

Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында экс-премьер Өмүрбек Бабановдун атканасы күйүп кетти. Бул тууралуу журналист Айбек Турдалиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт 4-февралда катталганын тастыктады. Бирок аткана кимге таандык экенини тууралуу маалымат беришкен жок. Тилсиз жоонун кесепетинен бир ат күйүп кеткен.

“Өрт тууралуу билдирүү 4-февралда саат 13:45те келип түшкөн. Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүүчү топ барган. Өрт саат 18:40та толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө», — деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Ал эми журналист баракчасына: «Өрттөнүп кетти… Өрттөп кетти десек туура болчудай. Бабановдун атканасы. Баш-Кара-Суу айылы», — деп жазган.