Ооган качкындары АКШнын элчилигине митингге чыгышты

АКШнын элчилигинин жанында Ооганстандан келген качкындардын митинги өтүүдө. Алар АКШга, Канадага же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө жардам сурап жатышат. Митингчилер Кыргызстанда 20 жылдай жашашса да, бул жерде алардын укуктары бузулуп жатканын айтышууда.

Акциянын катышуучуларынын айтымында, алардын арасында 2 миңге жакын студент жана качкындар бар. Алар Ооган элчилигине кайрылышкан, бирок элчилик жардам бере албастыгын айткан.