Ооганстанда катуу жер титиреди. Жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

Кечээ, 21-мартта кечинде Ооганстанда магнитудасы 6,5ке жеткен катуу жер титирөө болду. Жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 22:47де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын түндүк-чыгышында болгон. Жер титирөө Тажикстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Пакистанда жана башка өлкөлөрдө сезилген.

Каза болгондор жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча жок.