Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелген 2 чет өлкөлүк кармалды

Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 2 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Уюшкан кылмыштуу топтун трансулуттук мүчөлөрүнүн ишмердигин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын жана Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан чет өлкөнүн 2001 жана 2000-жылы туулган жарандары кармалды.

Мындан тышкары, УКМК органдары тарабынан жогоруда аталган адамдардын Кыргызстандын аймагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана адалдоо боюнча эл аралык каналга тиешеси бар экендиги, Кыймылсыз мүлк объектилери боюнча жасалма бүтүмдөр боюнча Кыргызстандын салык төлөмдөрүн айланып өтүшкөндүгү аныкталды.

Такталгандай, жогоруда аталган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, бирок иш жүзүндө жок курулуш компаниясынын директорлору болуп, Кыргыз Республикасынын жана өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн чет мамлекеттердин жарандарын аныкташып жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын биринде көрсөтүлгөн акча каражаттарын накталай акчага берүүнү ишке ашырган жана накталай акча каражаттарын алгандан соң чет өлкөгө кайтарууну камсыз кылып турушкан.

Азыркы учурда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.