«Ооруканада көз жумду». Ысык-Көлдө 74 жаштагы кишинин денеси 90 пайызга күйгөн

Ысык-Көл районундагы Кызыл-Өрүк айылындагы “Улан” турбазасында өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган эркек киши жабыркап, 90 пайыз денеси күйүп, 4-даражадагы күйүк алган. Ооруканага жеткирилип, бирок ооруканада көз жумган.