«Оозуна кагаз тыгылган деген чын». Ымыркайды дарыгерлерге алып барган милиция кызматкери окуя боюнча айтып берди

Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда ымыркай табылганы айтылып, окуянын видеосу тараган.

Ымыркайдын Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан шаардык төрөтканалардын бирине өткөрүлгөнү да айтылат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя боюнча Ленин РИИБи комментарий бир аздан кийин берилерин билдиришти.

Ал эми редакция ымыркайды төрөтканага алып барган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Толкунбек Ташматов менен байланышканда, окуя болгонун тастыктады. «Бизге ымыркай жатат деген маалымат түшкөндө бардык. Абалы начар болчу. Дене табы түшүп кетиптир. Оозунда кагаз болгону чын. Азыр дене табы калыбына келди дешти. Бир аз кечирээк болгондо чарчап калмак экен. Уул баланы 2-төрөтканага алып бардык», — деди ал.