Опера жана балет театрынын башкы директору камакта калтырылды

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 4-январга чейин камакта болот.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын лизингдик ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, театрдын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.