Опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башчысы Эльмырза Үкүбаев кармалды

Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчисин опузалап акча талап кылуу жана пара алуу фактысы менен кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эльмырза Үкүбаев кол астындагы алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин кызматкерлеринен кызматтан четтетерин айтып коркутуп, айлык акысынын жарымын талап кылып келген.

12-февраль күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында  Үкүбаев 100 миң сом пара алуу учурунда кармалды.
Учурда сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында буга чейин да ушундай кылмыштарга барганбы же жокпу такталып жатат.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 98-берененин негизинде катталып, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.