Орхан Инандынын паспорту. Фарид Ниязов күнөөсүн мойнуна алган жок

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Сапат” билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча кылмыш ишин карап жатат.

Иш боюнча президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов айыпталууда. Жыйындын жүрүшүндө прокурор соттолуучуга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылганын айтты. Фарид Ниязов өзү айыптоолорду абсурд деп атады. «Тайырбек Сарпашевдин көрсөтмөсү кайда? Айыптоо корутундусунун маңызын түшүнбөй турам. Бул саясий заказ. Алмазбек Атамбаев кайда, Сапар Исаков кайда?» — деди ал. 

Бишкек ШИИБ маалымат таратып, Орхан Инандынын кош жарандуулугу бар экенин, ал Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын айтып чыккан. Бул иш боюнча ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовго айып тагылган.