Орхан Инандыны издөө өлкөнүн бардык аймактарында күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат (сүрөт)

“Сапат” билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Орхан Инандыны ыкчам издөө иш-чаралары Кыргызстандын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, масштабдуу иштер уланууда. Жогорудагы факты боюнча ИИМ, Бишкек ШИИББ, Октябрь РИИБинен тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлери менен тергөөчүлөрүнөн түзүлгөн ыкчам-иликтөө тобу издөө ишине байланыштуу ыкчам түрдө мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктап, сурак иштерин жүргүзүүдө.

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүрүп жатат. «Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда», — деп айтылат билдирүүдө